Нариман айыл өкмөтүнүн юристи, Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты жана суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Нариман айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн юристи А.А., Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты П.З. жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Н.Р. кармалды.

Кармалган жарандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, мыйзамсыз документтештирүү жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууну уюштурушканы аныкталды.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

КР УКМК Басма сөз борбору, тел. 661455

Аргумент.kg