Надира Нарматова: «Келиндердин көп ажырашып жатканына сотка күнөөлүү»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин экс-депутат Надира Нарматова билдирди: «Тилеке каршы, азыркы энелер кызын күйөөгө берип алып тынч жата албайт үйүндө. Администратордук кызматка туруп, милдетти өздөрүнө өздөрү алышат. Жакшы жерге берсе деле, кокустан табышып калган жерге берсе деле баарибир. Кызы сүргүндө жүргөндөй элестетишет. Тооба кылдым. Ошолордун эле курсагы тоюп, барган жерде кыздары ачка калып, кул болуп калгандай элестетишет. Эмне үчүн мындай өзгөрүп кетишти. Сотка деген ушакчы катын бар. Эч кимге тынчтык бербейт. Көзүңдү ачып , жумганча баары, уктап, турган, жеген, ичкен, үшкүргөн, бышкырган, чүчкүргөн, кыйкырган, шыбыраганындан бери көчөгө, кошунага эмес, ааламга дароо жайылып, мамлекеттин ичинде сыр калбагандай, үй бүлөнүн ичинде, учурда сыр сакталбай калды. Кыймыл аракетинди баары сыртта , талкууда. Мурдагы мезгил жакшы экен. Кыз-күйөө таарынышып калса , эшике чыгып келгенче таарынычы таркап, кайра жашашып жүрө беришчү. Өтө катуу таарынса ата энесине кабар айткычакты , аларды көргүчөктү убакыт өтүп , унутуп калышчу. Ошентип урушкандан жарашканы тез болот эле. Ымалашып турмушун улантып жашай беришчи эле. Ажырашуу деген нерсе жүздөн бирөө болчу. Азыркыдай алтоонун бирөө ажырашып жатат. Ошондуктан сотка деген ушакчы аял турганда энелер сабырдуу болуп, кыздарынын сөзүнө көп деле маани бербей койгону дурус. «Чыккан кыз чийден сырткары «-деген, макалдын жоготпой , » Кыз түшкөн жерде оор»-деген, кепти кыздарынын кулагына көбүрөөк куюп, аркандын учун узун таштаганды үйрөтүп, сабырдуулука чакыргыла. «Эрдин нанын жегенге темир тиш керек»-, «Кайын журтундун музыкасына бийлегин «-деген, талапты коюшса. Энелер, кыздарын сабырдуулука, кечиримдүүлүкө, ,күйүмдүүлүкө, ыймандуулука, ынсаптуулукка тарбия, багыт беришин Алладан тилейт элем. Төмөнкү накыл сөздүн мазмунун энелер терен түшүнүшсө. Чын эле кызынын турмушуна кызыгып саат сайын телефон чалбаган, аралашпаган апа акылдуу. , бактылуу эне»- дейт ал

Аргумент.kg