Надира Нарматова: «Блогерлерге түз эфирге чыгып, билдирүү жасаганга тыюу салыш керек»
28-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЧек ара чатактары учурунда катаал чаралар көрүлүп, социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдү чектөө керек. Бул тууралуу депутат Надира Нарматова “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, социалдык түйүндөр өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген маалыматтарды таркатууда.
«Бул абдан оор тема. Өзүн патриотмун деп ойлогондор түз эфирге чыгып, ар кандай билдирүүлөрдү жасаганга тыюу салыш керек. Мамлекет өз иши менен алек болушу керек, эл дагы сабырдуу болуп, чагымчылдыкка алдырбашы керек», — деди ал.
Ал ошондой эле Төрт-Көчө маселеси соңку убакта кызуу апыртылып жатканын белгиледи.