Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура Канжаева: «Мен жаш кезде кадырына жетпеген апам азыр тирүү болсочу…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз ССРинин эмгек сиңиргенартисти, кыргызды кыйырга тааныткан мукам үндүү ырчы Мыскал Өмүрканованын өз учурунда маданиятыбызга кошкон чоң салымы өзгөчө болгон.  Ошондон улам биз залкар инсандын кызы, маданият кызматкери Айнура Канжаева менен маек курдук.

— Айнура Асанкановна, Сиз улуттун сыймыгына айланган улуу инсандын кызы экенсиз. Алгач маегибиздин башталышында апаңыз тууралуу эмне айткыңыз келип турат?

— Мен апамды турмуш шарттарына байланыштуу аз билип калдым. Бул мен үчүн абдан өкүнүчтүү… Ошондой болсо да билгенимди төкпөй-чачпай айтып берейин. Эне тууралуу сөз болгондо мага дайыма өз энемдин касиеттери эсиме келет. Апам мени жарык дүйнөгө алып келгенде беш жарым кило салмак менен төрөптүр. Ошол азаптан улам үч жыл бою ооруп төшөк- төн тура албай калганда аны Эрмек деген сиңдиси багыптыр. Эненин акылы, тереңдиги, сабырдуулугу балдарына өтүп, алар өмүр улайт тура. Энем табиятынан эле өтө мээрман, боорукер, жумшак, эч кимдин көңүлүн калтырбаган адам болгон. Апамдын кичинесинде эле энеси төрөттөн каза бол гондо энесине кошкон кошогу менен элге таанымал болуп калган дешет.

— Атаңыз менен кантип, кандай жагдайда турмуш курган экен?

— Апам тубаса таланты, аргендей үнү менен эл алдына ырдап чыгып, элди ушунчалык таң калтырып, атагы чыгып калган кезде азыркы Москва районуна караштуу Беш-Көрүк айылына концерт коюп келип, ошол колхоздун башкармасы, атам Асанкан менен таанышып, кийин экөө баш кошкондон кийин эки уул, бир кыздуу болушкан экен. Азыр ойлоп көрсөм апам иш дегенде ичкен ашын жерге койгон абдан жоопкерчиликтүү адам болсо керек. Дегеним, ал убакта азыркыдай балдар бакчасы жок эле да. Апам эки айлап гастролдоп кеткенде балдарын сиңдилери карап калчу экен. Ошого карабастан элге кызмат кылам деп мени 8 айлык кезимде колхоздогу чоң энеме калтырып Кытайга гастролго барып келиптир.

— Жогоруда апаңыз тууралуу аз билериңизди айтып өттүңүз. Мунун негизги себеби эмнеде?

— Кытайдан келгенден кийин чоң энем: «Айнураны өзүм багам» деп мени кайра бербей койгон экен. Апамдын согуш убагында жоокерлерге күч-кубат берип, демине дем кошуп ырдаганы — анын абдан мекенчил инсан экендигин бекем тастыктап турат. Аларды эстесем апамды эч бир жанга, эч бир нерсеге теңей албай кетем. «Балам, балалуу болгондо билесиң» — деген сөз бар эмеспи, анын сыңарындай эненин милдетин, оор жүгүн, түйшүгүн өз башыңа келгенде түшүнөт турбайсыңбы. Апам мени чоңойгондо шаарга келсе чоң окуу жайга өткөрсөм деп аябай тилек кылып жүрдү, бирок ал ойлогондой болгон жок. Мени чоң энемдер сөөк жаңыртабыз деп 10-классты бүтөөрүм менен турмушка берип коюшту. Мен эч кандай каршылык көрсөтө албадым. «Таш түшкөн жеринде оор» болуп олтуруп калдым. Менин эртелеп турмушка чыкканымды уккан апам байкуш атама абдан катуу таарынды. Атама: «Өзү кыз болсо, терең билим алып окубай, минтип эрте турмуштун азабын тартып калабы?» — деп айтканы эсимде. Айла канча, турмуш өз нугу менен өтүп жатты. Апам байкуш мен турмушка эрте чыккандан баштап бир айда эки-үч жолу тоодо болсом тоого, талаада болсом талаага каттап турду. Өзүм турмушка чыккан соң удаа эле эки балалуу болдум. Келип ошолорду эркелетип, багышып жүрдү.

— Сиздин комуз черткенди үйрөнүп алышыңызга кызыкдар болду беле?

— «Кызым ырдап калсаң кереги тийет, комуз үйрөнүп ал» деп аябай баса белгилеп айта берчү эле. Көрсө, ушул кызым кийин ордумду жоготпой ырдап жүрөр бекен деп ойлогон турбайбы. Апамдын ал изги оюн кайдан билейин, жашмын да, көңүлүмө бекем сактабаптырмын. Эртели-кеч бүтпөгөн көр оокат, кайын эне-кайын атанын колундабыз. Анан кайдан комуз үйрөнмөк элем?! Апамды азыр ойлосом ичим ушунчалык тызылдайт… Курган жаным ай, мен жаш кезде кадырына жетпеген апам азыр тирүү болсочу. Аттиң… Анда кубанычымды-кайгымды апам менен тең бөлүшүп, кучактап сырымды айтпайт белем.

— Кайнене катары күйөө баласына кандай мамиле жасачу эле?

— Апам байкуш уй саап жатсам, жаныма отуруп алып эч нерсеге карабай заңкылдап ырдай берер эле. Кийин ойлосом, ал аз да болсо деп менин көңүлүмдү көтөруп турчу экен. Апамдын көкүрөгүнүн тунугун мына ушундан билсе болот, телевизор жаңы чыгып калган кезде: «Өзүңөр малда жүрсөңөр, силерге керек болот» деп күйөө баласына телевизор, радиоприёмник алып бергени такыр эсимден чыкпайт. Күйөө баласын ушунчалык жакшы көрүп сыйлар эле. Көрсө, кызымды мендей сыйласын дечү экен да.

— Эл арасында жүргөндө апаңыздын жөнөкөйлүгүн да байкагандырсыз?

— Апам айылга концерт коюп келгенде кошо ээрчип барар элем. Бир жолу башкарманыкында конокто олтуруп, ошол үйдүн келинчегине кошо кызмат кылышып жардам бергенине аябай таң калгам. Апамдын андай кичи пейилдик сапаты «Артист элем, мен даңктуу элем» деп чиренбей жөнөкөйлүгүнөн, боорукерлигинен кабар берип турчу. Ал эми апам биздин үйгө келгенде «Мыскал келди» деп болгон малчылар тез эле чогула калып, апамды аябай коноктошуп, болушунча ырдатышчу.

— Шаарга барган учуруңузда апаңыз абдан кубанып тосуп алса керек…

— Мен шаарга барганда: «А, менин солтом келген турбайбы, сүйгөн тамагын алып келип берейин» деп дүкөнгө жөнөп калчу. Ал эми солтом деп эркелеткенине токтоло турган болсом, атам солто уруусунан эле. Ошого карап тамашалап айтса керек. Шаардагы эл кийген кийимдерден кур калтырчу эмес. Көйнөк, плащтардын түрүн алып берер эле.

— Апаңыздын неберелеринин арасынан чыгармачылыкка жакындары барбы?

— Кыргызстанды эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерин кыдырып элге таанымал болгон Мыскал ырчынын кызы болгонума ушунчалык сыймыктанам. Анткени мен бейтааныш адамдар менен таанышып калганда: «Мыскалдын кызымын» десем, алар мени кандайдыр бир сыймы тануу жана таң калуу менен карашат. Орус элинде айтылгандай «Талант атактуу адамдардын балдарынан чыкпаса да, неберелеринен чыгышы мүмкүн» -дегендей кичүү кызым Нуржамал искусство институтун бүтүрүп, магистратураны аяктады. Кээде созолонтуп ырдап да калат.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

Табияттан берилген керемет үндүн ээси катары элдик ырларды чебер аткарган залкар инсан Мыскал Өмүрканова ал кездеги Кыргыз ССРинин 1939-жылы Москвада өткөн 1-декадасында «Алымканды» 3 мүнөт созгондо Сталин өзү тура калып кол чапкан экен деген эл ичиндеги сөзгө мен дагы буга чейин ишенчү элем. Көрсө, андай эмес экен. Мыскал апабыз 1958-жылы өткөн Москвадагы 2-декадада бул ырды бир канча мүнөткө чейин созгондо КПСС Борбордук Комитетинин башкы катчысы Н.Хрущев ордунан тура калып таң калып, андан соң белгилүү ырчынын жанына басып келип «Алымканды» кайрадан создурган экен. Мына ушул тарыхый көз ирмемдер Москванын архивинде сакталып калса керек.

Нурлан ИСАМАТОВ

Булак :argument.kg

Аргумент.kg