Мышык менен кошо капка салып сабашкан…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коомдогу эң көп айыпталган кылмыштардын бири – бул ойноштук болуп саналат. Кээ бир өлкөлөрдө ойноштук акчалай айып пул салууга, же эркинен ажыратууга алып келет, ал эми кээ бир өлкөлөрдө катуурак жаза колдонулат. Мисалы, Филиппинде жубайлардын бири түгөйүнөн башка бирөө менен жыныстык катнашка барса, эркинен ажыратылат. Ошондой эле күйөөсүнүн жазасы башка, аялдын жазасы башка. Аялдар үчүн жаза эркектерге салыштырмалуу эки жылга көбөйтүлгөн.

Ооганстанда “адеп-ахлак полициясы” бар. Мурда ойноштукка күнөөлүү катары табылган адамдар эл тарабынан ташбараңга алынчу. Азыр жаза бир аз жумшарып, “солго баскандарды” эл алдында камчылоо менен чектелишет.

Америка Кошмо Штаттарынын кээ бир штаттары дагы эле «сезимди өчүрүү» мыйзамын колдонушат. Ага ылайык, алданып калган жубайы өнөктөшү менен байланышта болгон адамды сотко бере алат. Мындай эрежелер Түштүк Дакота штатында бар. Бул мыйзам XVII кылымда, аялдар эркектердин менчигине теңелип турган мезгилде кабыл алынган. Мындай учурларда айып пул салынат.

Иранда аялдар менен эркектердин ортосундагы ойноштук үчүн жаза түп-тамырынан бери башкача. Отуз жылдан ашык убакыттан бери иштеп келаткан мыйзам бар, ага ылайык эркектин тууганы күйөөсүнүн көзүнө “чөп салган” аялды өлүм жазасына тартууга укуктуу. Ал эми аялына кыянаттык кылган эркектерди болсо коомдук айыптоо гана күтөт.

Түркияда “аягы суюк” эркектер милдеттүү түрдө айып төлөшкөн. Андан кийин күнөөлөрү үчүн тообо кылып, кечирим сурашчу. Ал эми аялдар үчүн жаза кыйла оор болгон. Аны мышыктар менен кошо мүшөккө салып, каптын оозун байлап, анан чынжыр, союл менен ура башташкан. Бир жагынан таяктын уусу, экинчи жагынан мышыктын уу тырмагы, айтор, шордуу аял көрбөгөн азапты көрүп жан берген.

Жаңы Гвинеянын урууларында байыркы каада-салттар дагы эле сакталуу, ага ылайык, жаман ишке барган эркек ойношунун манжасын жеши керек, андан кийин ал өлүм жазасына тартылат.

Бирманын түндүгүндөгү түштүк азиялык уруулар кыздардын мойнуна жаш кезинен тарта атайын шакек тагып коюшат. Эгерде кыз уят иш менен кармалса, анда ал бул шакектерди чечип салышат. Шакекке көнүп калган кыздын ичке, узун мойну куурай сынгандай эле “кырс” эте түшөт. Натыйжада аял майып болуп, көп өтпөй каза болот.

Байыркы Русста да ойноштук кылгандар өлүм жазасына тартылган. Жубайынын көзүнө “чөп салган” келиндерге күйөөсүнүн атын алып жүрүүгө жана башкалар менен сүйлөшүүгө тыюу салынган. XVII-XVIII кылымда күнөөкөр аялдар 15 жылга монастырга жөнөтүлгөн. Күйөөсү кыянаттык кылса да, аялы жеңил ойлуулук кылса да, жубайлар сөзсүз ажырашууга тийиш болгон.

Азыркы заманда аягы суюктук үчүн жазалар алда канча гумандуу. Мисалы, Швейцарияда абийири ачылган эркек үч жыл бою никесин каттай албайт. 2013-жылдан бери Вьетнамда жубайына кыянаттык кылган эркектер да, аялдар да айып пул төлөшөт.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg