Мырзакматовдун штабы генерал Суваналиевди колдоо чечимин кабыл алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

14-апрелде “Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Бишкектеги штабында жыйын өткөрдү. Бир мандаттуу Ленин округунан парламенттик шайлоого Өмүрбек Суваналиевди колдоо чечимин кабыл алды. Бул кадамды дээрлик тарапташтары жактырышып, аламанга карай сүрөп чыгышары айтылып, катуу даярдыктар башталыптыр. Учурда генерал Суваналиев бийликтин оппоненти катары белгилүү. Чоң саясатчылардын катарынан каршылык көрсөткөн фигура. Мындай жагдайда Мелис Мырзакматов эч кимден тайманбай, саясый өнөктөшүн туура тандап, жаңы оппозициялык күчкө ээ боло баштаганы жөн жерден эмес. Эки үлкөндүн ынтымагы бекемделе берсе, келечекке карай түндүк-түштүктү бириктирген күчтүү тандем катары чыгышары шексиз. Алдыдагы саясый кармаштарда “Улуттар Биримдиги” партиясы протестик электоратты алып, негизги күч катары алдыга суурулуп чыгышы мүмкүн. Бул саам Ленин округунан өтө турган шайлоо төлгө катары салынса, демек, андан аркысын да көрө жатмакчыбыз. Ток этерине келсек,  Мелис Мырзакматов арканды алыс ыргытып, көсөмдүгүн көрсөтүп турган чагы.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg