«Мырк» деп атагыны үчүн. Вице-мэр Орунтаев депутат Бекешевди сотко берет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Вице-мэриңиз, кечиресиз, муниципалдык кызматкердин этикасы бар, ал өзүн «мырктай» алып жүрөт. Мындай пикирин бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыровго кайрылып жатып билдирди.

Анын айтымында, гараждык кооперативдердин мүчөлөрү борбор калаанын мэриясынын жанына тынчтык митингине чыгышты.

«Алар сиз менен жолугууну каалашты, жолугушуп коюңуз. Ошолор менен митинг өткөрүп жүрөт микрофонго кыйкырып. Мэрия түшүндүрүп бериши керек. Жок, ал кыйкырып жүрөт. Мен уялдым. Бул Бишкек шаарыбы? Бул Бишкектин вице-мэриби? Менин ага эч кандай душмандыгым жок. Өзүн минтип алып жүрүүгө болбойт. Бул уят», — деген депутат.

Депутаттын бул билдирүүсүнө Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев комментарий берди.

«Дастан Бекешев боюнча айтсам, ал ар кандай коммерциялык объектилерди орнотууга уруксат ала албай жатат. Биз бир нече жолу баш тартканбыз. Бул жагынан ал ушундай саясат жүргүзүп жатат. Мындан тышкары Бекешев жеке досторунан жардам сураган, биз анда да баш тартканбыз. Дастан Бекешевдин сөзү боюнча айтсам, ал өзүнүн тарбиясыз экенин көрсөттү», — деди Орунтаев. Нурдан Орунтаев

Вице-мэрдин пикиринде, бүгүнкү митингди Дастан Бекешев уюштурган.

«Анын жеке кызыкчылыктары бар. Анткени ал жашаган үйдүн тосмосун жакында эле бузуп салганбыз. Буга аябай таарынып жатат», — деди вице-мэр.

Ал Бекешевди сотко берерин да тастыктады. «Мен ага чалган жокмун, ал мага чалды. Мени кемсинткени үчүн сотко берем деп ачык айттым», — деди Орунтаев.

Аргумент.kg