Мындай айлык айрымдардын түшүнө кирбейт… Улуттук банктын төрагасы айлык маянасынын суммасын ачыктады
12-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Улуттук банктын төрагасынын эмгек акысынын көлөмү президенттин жарлыгы менен бекитилет. Бул маалыматты Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 12-февралда түз эфирде суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, бул абдан жоопкерчиликтүү жумуш.
Т.Абдыгулов коммерциялык банктар боюнча: «Ал жакта абал өзгөчө. Алар жеке компаниялар. Эмгек акы кызматкер кандай пайда алып келгени менен байланыштуу», – деди.
Буга чейин Т.Абдыгулов Жогорку Кеңештин депутаттарына 120 миң сом эмгек ала турганын айткан. Ал эми анын орун басарлары 108 миң сом алса, башкармалыктардын мүчөлөрүнүн эмгек акысы 102 миң сом экени айтылган.