
Мыктыбек Арстанбек жашоодон кыйналгандарды динге тартып, чалмакейди чалбайбы?
18-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваАшынган молдо Мыктыбек Арстанбек көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруу үчүн бизнес тренинг уюштуруп, элдин башын айландырууда. “Ар бир үйдө бирден ишкер болсун!” деп урдуруп атат. Кантип бай болууну жана бизнес кылууну үйрөтөт имиш. Эң оболу өзү элге жумуш орун түзүп, бул жагынан үлгү көрсөтүп, анан бакылдаса жарашпайбы? “Айдаганым беш эчки, ышкырыгым таш жарат” болбой. Аныгында, Мыктыбек Арстанбек көз будамайлоо, жашоодон кыйналгандарды динге тартуу менен чалмакейди чалбайбы? Коомчулукта “ойноп”, акыры эмненин үстүнөн чыгат болду экен? Ансыз да камалып аткан сакалчан кылмышкерлер арбып баратканда…
«Азия Ньюс» гезити