Мыктыбек Арстанбек бийликти Баткенге көчүрүүнү сунуш кылды
30-бештин айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу президенттикке талапкер Мыктыбек Арстанбек Коомдук каналда өтүп жаткан теледебатта билдирди
«Бийлик мейли, Баткенге барсын, аппаратында 100 же 200 адам болобу, Баткенге барып, жарым жыл, эки жыл иштесин. Чек ара маселесин чечсин, айтмакчы, Баткенге барса, наркотрафик да токтойт. Андан ары эки-үч айга Таласка көчүп барсын, Нарынга барсын. Элетти кыдырып жүрүп, чарбаны тургузган мамлекетке гана Конституция жазылышы керек. Болбосо бул жерде Башмыйзамды төрт-беш адам жазып, элге кандай жашаш керек экенин таңуулап жатат. Эл аны кабыл алып, түшүнгөн жок», -деди талапкер.