Мыктыбек Абдылдаев, ЖК депутаты: «Мыйзамдын нормаларын иретке келтирүү керек»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Жергиликтүү депутат жогорку билимдүү болушу шартпы?
— Конституциянын нормасына ылайык, ар бир жаран 21 жаштан шайлоого талапкер катары катыша алат жана шайлай алат. Маселен, биз Жогорку Кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу шарт деп жазып жатабыз. Бирок, 18 жашында мектепти бүтсө, 21 жашында 3-курсту окуп жаткан болот. Бул маселени сессияда бир эмес, бир нече жолу көтөрүп, мыйзамдын нормаларын иретке келтирүү керектигин айтып келем.
Бул пардокс эмей эмне? Экинчиден, премьер-министрдин жашы чектелбейт. А балким эртең бир вундеркинд 20 жашында премьер-министр болот. Анткени, өкмөт башчынын жашы чектелбейт да. А бирок ошол эле бала айылдык кеңешке депутат боло албайт. Көрдүңүздөрбү? — деп билдирди депутат М.Абдылдаев «Ачык саясат плюс» гезитине берген маегинде.
 

Аргумент.kg