Мыйзамсыз жерди сатып алган жаранга 425 миң сом өлчөмүндөгу айып салынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айыл чарба жерин мыйзамсыз ээлеп алган жаранга 425 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.Бул тууралуу айыл-чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Жалал-Абад аймактар аралык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн жашоочусу Ж.С. жайыт жерге тиешелүү 8500 чарчы жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп алганы аныкталган.

Натыйжада КР министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык, аталган жаранга 425 миң сом айып тагылды. Ал эми бул факты боюнча материалдар Базар-Коргон райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg