«Мыйзамсыз камап отургандары жанымды кыйнап бүттү». Актёр Чыңгыз Мамаев президентке кат жолдоду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сот адилеттүү болот деп ишенгем, бирок сабырым түгөндү, деген актёр Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго кат жолдоду.

«Менин сиздерге кайрылуу кат жазып жатканымдын себеби, ушул жылдын 29-мартында чет элдик жарандызордуктады деген жалган жалаа, күнөөсүз айып менен камакка алынгам. Ошондон бери туптуура тогуз айдын жүзү болду. Мага коюлган айып жалган жалаа болгондуктан, сот менден эч кандай айып таба албагандыктан, ишти кайрадан башынан баштап тергөөгө карап чыгуу чечимин чыгарды.

Менин күнөөм болуп, кылмыш жасасам, ушул убакка чейин кесилип кетмек элем. Бирок эч кандай күнөө же кылмыш таба албай кайра башка сотко, башка тергөөчүгө жөнөтүп, ушул убакытка чейин мени мыйзамсыз камап отурганына мен түшүнбөй жатам. Мындай түшүнүксүз мамиле менин жанымды кыйнап бүттү. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен ушул убакытка чейин сот адилеттүү болот деп ишенип элиме, сизге кайрылбай турайын деп ойлогом, бирок сабырым түгөндү.

Мен ушул убакка чейин бир дагы жолу мыйзам бузган эмесмин. Учурда менин саламаттыгым дагы начарлап, ооруп жаткан кезим. Бул жалган жалаа үй-бүлөмдүн аброюна да кесепетин тийгизип, келинчегим микроинсульт алды. Кызым жүрөк оорусуна кабылды»,- деген актёр өз кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.

1-апрелде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Бирок биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын актердун жубайы билдирген.

Аргумент.kg