“Мыйзамсыз баюу” беренесин Сокенин кудасы Абжалиевге пайдаланса…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат Алиярбек Абжалиев убагында жетиштүү добуш ала албай, мандатынан ажыраганы калганда Сокеге куда боло калып, тууганчыл кландын таасирин пайдаланган. Өмүрбек Бабанов сот аркылуу көчүккө тээп, депутаттык креслосун башкага алып бермек. Бирок, кудалыкты бетке кармап, кулдук урган Алиярбек ойлогон планын ишке ашырган. Сокенин арты менен депутаттыктан кетпей, анысы аз келгенсип, ири аянттагы жерлерди алып, бизнес иштерин “ийлеп” киргени эсиңердеби? Кыска аралыкта Алиярбек Абжалиев баштагыдан да байып, мурдун көтөрүп, асмандан түшпөй калган. Көп жылдар бою бажыда иштеп, миллиондорго марып, бийликтин күчү аркылуу бизнесин гүлдөткөнү жалганбы? “Мыйзамсыз баюу” беренесин бул эргулга да колдонуп, кылмыш иштерин козгосо не? Тар чөйрөдө катылган байлыктары катуу дуулдап атат го?..
«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg