Мыйзам бузган, ордун билбеген Галина Байтеректи тыйып койчу адам жокпу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президенттин пресс-катчысы, бөлүм башчы катары Галина Байтерек иштей албай кызматынан алынганы жалганбы? Белгилүү да. Учурда аппаратта болгону эксперт экен. Бирок иш-чарада Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин, вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун жана депутат, ректордун катарында отурат. Кызык, бул аял даражасын билбейби? Береги сүрөттө алдыга жулунуп келип, элге көрүнүү үчүн көчүк баскандай. Мындай болбойт да. Жипке тизген шурудай ырааттуулукту карашыбыз керек. Галина Байтерек качанкыга чейин эркелейт? Кымбат баалуу BMW автоунаасы менен байма-бай жол эрежесин бузуп, айыпка жыгылып, анысын убагында төлөбөй качып жүргөнүн атайын иликтөөлөр ырастаган. Эки жылдан бери бизнести катыра кылып атыптыр. Баары шайма-шай. Бирок мыйзам бузбасын да, президенттин администрациясындагы эксперт эле ушунча тайраңдаса, калганы кайда барат?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg