Мыйзам бузган эки акча алмаштыруучу банктын иши токтотулду

Мыйзам бузган эки акча алмаштыруучу банктын иши токтотулду

08-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Улуттук банк Бишкекте мыйзам бузган эки акча алмаштыруучу жайдын ишин токтотту.

Маалыматка ылайык,талаптарга жооп бербей ,мыйзам бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү акча алмаштыруучу бюролорунун лицензияларынын иши токтотулду.

— Бишкек шаары, Менделеев көчөсү, 9 б дареги боюнча жайгашкан «Ийгилик Али» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 6411 лицензиясы;

— Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан «Силквей» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы.

Булак:Аргумент кж