Мыйзамды билбеген Ыдырыс Исаков милицияны кантип каралады?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Журналист Ыдырыс Исаков бир милиция кызматкеринин жашыруун чакыруусу менен Кеминге барып, “иликтөө” жасаган. Бирок, бул аракети мыйзамды түшүнгөндөр үчүн суу кечпей калганы маалым. Чечмелеп көрөлү.

Мисалы, мал талаадан, жайыттан жоголот. Ар кандай жагдайда. Арыз менен кеч кайрылгандар болот. Жагдайга жараша кыскартылган иштерди эске алалы. Себеби, малдын жоголушу кожоюндарынын кенебестигинен, шалаакылыгынан да болушу мүмкүн.

Эң негизгиси, Ыдырыс Исаков “Мал уурулук” беренесине көңүл бурган эмес. Кылмыш иши уурулукпу, же мал уурулукпу? 2019-жылы Батыш өлкөлөрүнүн каржылоосунун негизинде соттук-укуктук реформа жүргүзүү үчүн 30 млн. доллар бөлүнүп, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышы аркылуу Кылмыш-жаза кодексиндеги мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Негизги берене алынып салынган. Ошонун негизинде “Мал уурулук” “Уурдоо” менен каралып калган. Чийеленген жери ушул. Мына, Батыштын жакшылыгы. Эгерде “Мал уурулук” өзүнчө калганда, карапайым адамдардын укугу жогорку деңгээлде корголмок. Мыйзам күчтөнмөк. Ыдырыс ошону билбей эле милицияны каралап отурат. Элге ал чындап күйсө, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңештен талап кылсын, “Мал уурулук” беренесин кайра киргизүү боюнча маселе көтөрсүн…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg