Музыкант Рузахунов кабыргасына операця кылдырды

Музыкант Рузахунов кабыргасына операця кылдырды

24-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Казакстанда “террорист” деп шектелип ур-токмокко алынган Вихрам Рузахуновго операция жасалды. Ал кыйноо учурунда катуу ур соккудан улам кабыргалары сынып кеткенин Кыргызстанга жеткенче шок абалынан ооруну сезбей калганын инстаграм баракчасына жазып чыкты.
“Адамдын организми өзгөчө сырдуу экен… Мени 2022-жылдын 10-январында бошотуп үйгө алып келишти. Анда шок абалда болгонокшойм, жан кыйнаган ооруну сезген эмесмин. Болгону денемдеги көк тактап көп экенин көргөм. Оюмда аларга мазь сыйпап койсом айыгып кетчүдөй болду. Рустам агам мени медициналык кароодон бир өтүп кой деп жатып чын эле абалым орто ор экенин билдим.

Токмоктон улам  көкүрөк травмасын алыптырмын, сол жак кабыргаларым сынып кетиптир, сол өпкөмдө пневмоторакс бар экен. Сол жактагы 7-кабыргамдын  кемирчегижарылып кетиптир, мээм чайкалыптыр. Кароодон эле мени түз жандандыруу бөлүмүнө алып кетип операция жасашты. Ошондон бери дарыланып келем. Үч жолу оорукана алмаштырдым. Айтор жан кыйнаган ооруларды эми сезип жатам”-деп жазган.

Мындан сырткары ага кармаган учурда алып коюшкан документтери менен телефонун, акча карточкасын да кайтарып беришпей белгисиз себептерден улам жоголуп кеткенин  кошумчалаган.