Мурдагы никемди күйөөм билип калып,боюмдагы балага карабай кетирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тагдырым ушундай татаал экен. 18 жашымектепти бүткөндө айылдан ала качып, эки айдай жашагам. Ортодо сүйүү болгон соң ажырашып кеткенбиз. Төрөгөн эмесмин. Кийин окудум, ишке орноштум… Ал эми Максат экөөбүз бир жылдай сүйлөшүп, жакшы көрүү сезимдери менен баш кошконбуз. Бактылуу күндөрүмдүн балын татып аткан кезде, туугандарыбыздан эле бузуку чыгып, мурда турмушка чыкканымды көбүртүп- жабыртып, айтып салыптыр. Күйөөм үйгө ичип келип, ызы-чуу чыгарып, ажырашууга аргасыз кылды. Жети айлык боюмдагы балабыз да биздин бактылуу жашообузду сактай албады. «Бир эрден чыккан катын менен жашабайм! Мени алдап тийип алыпсың, акмак, шуркуя! Сенден башкасы деле бала төрөп берет. Жогол! Энеңди…» деп, жаман сөздөр менен тилдеп, ажырашууга аргасыз кылды. «Эртеси соолукса түшүнөт го?» деген оюм да тескери чыкты. Кубалады. Үй-бүлөм бузулду. Максат ата-энесин, туугандарын дагы укпай койду. Намысына тийип, бузукулар башын айлантып коюшса керек… Эмне кылам? Күнөө өзүмдө. Башында сүйлөшүп жүргөндө эле Максатка түшүндүрүп, чындыкты айтсам болмок экен. Ал башка бирөөлөрдөн баарын укту. Мурда күйөөгө тийгенимди жашырып койгонум үчүн мени кечирбей койду. Эки жолу турмушка чыгып, тагдырым тайкы экенине ынандым. Эми аман-эсен төрөп алып, күйөөге тийбей эле тынч жашоомду керек.

Аргумент.kg