Өмүрбек Бакиров: КТРКнын «Музканалынан» уят клиптер чыгып жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эл өкүлү Өмүрбек Бакиров “Музканалдан” уят клиптер чыгып жатат деп нааразы болду. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын макамын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.

«Музканалдан обу жок, уят клиптерди көрсөтүп жатасыңар. Биздин эл, жаштар кайсы жакка карап багыт алат? Андай клиптерди ким коюп, ким уруксат берип жатат? Мен 1 айдын жүзү болуп калды мен ошол клиптерди кокусунан көрүп калдым», — деди ал.

Депутатка жооп берген КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев учурда көркөм кеңеш түзүлүп, баары текшерилип жатат.

Аргумент.kg