Өмүрбек Бабановго жубайы жана уулу менен жолугууга тыюу салынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Өмүрбек Бабанов мыйзамсыз кармалгандан бери 14 күн өттү, анын ичинен 12 күндөн бери ал ойдон чыгарылган жана далилсиз айыптоо менен УКМКнын тергөө абагында кармалып турат. Ошол эле маалда анын жубайы Рита Бирбаева жана уулу Нурэмир Бабановго КРнын мыйзамдары менен каралган кездешүүгө уруксаат берүүдөн расмий түрдө баш тартылды.

“Жакындары менен жолугушууга тыюу салуу – бул укуктук жактан чектен ашкандык. Муну Өмүрбек Бабановго карата кыйноо катары кабыл алса болот. Мен жана уулубуз тергөөгө кандай тоскоолдук жаратмак элек?”, — дейт Бабановдун жубайы.

Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, жакын туугандары менен жолугушуу судьянын же тергөөчүнүн уруксааты менен ишке ашат, бирок, тергөөчү, Өмүрбек Бабановдун жубайы жана уулу менен жолугушуусуна уруксаат бербей койгон.

“Тергөөнүн кызыкчылыгында Өмүрбек Бабановго, анын адвокатынан тышкары башка тараптар менен жолугушуусуна уруксаат берүү ылайыксыз. Жактоочунун Бабановдун жакындары менен жолугушуусуна уруксаат берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылат”, – деп жазган баш тартуу тууралуу токтомунда УКМКнын ага тергөөчүсү А.Дженбаев.

Бул токтомду экс-премьердин жактоочусуна УКМКнын бөлүм башчысы – мекеме аралык тергөө тобунун жетекчиси М.Эсенбаев жөнөткөн.

“Жолугушууга тыюу салууга бул негизсиз себеп! Жубайы менен уулу тергөөгө кантип тоскоолдук жаратышы мүмкүн? Мүмкүн эмес. Мындай жолугушуулар тергөө абагынын кызматкерлеринин көзөмөлү алдында өтөт. Жолугушууга тыюу салууну биз Өмүрбек Бабановдун мыйзамдуу укуктарын бузган гумандуулукка каршы жана адамкерчиликке жатпаган мамиле катары кабыл алдык ”, – деп билдирди адвокат Амантур Абдырахманов.

14-июнда адвокаттар тергөөчүнүн жолугушууга уруксаат бербей койгон токтомуна каршы сотко кайрылышты, анда бул токтомду мыйзамсыз жана негизсиз деп таап, бул мыйзам бузууну жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилген.

Эскерте кетсек, 31-майда УКМКнын тергөөчүсү Өмүрбек Бабановду күбө катары суракка алып, чакырылган маалда келип туруу милдеттемесин алган. Бирок, тергөөгө катышпаган башка тергөөчү – УКМКнын мекеме аралык тергөө тобунун жетекчиси Өмүрбек Бабановду кармоо тууралуу протоколу менен келип, аны эки суткага камакка алган. 2-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чынгыз Бердимуратов коомчулуктан жана массалык маалымат каражаттарынан жабык соттук жыйын өткөрүп, Бабановду УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарган. Өмүрбек Бабанов бул соттук териштирүүнү адилетсиз жана абсурд деп атап, атайын катында тергөөчүнүн жана судьянын мыйзамсыз аракеттерин тизмектеп берген. Бир катар саясатчылар, юрист, эксперттер Бабановдун камакка алынышы мыйзамсыз деп баа берип, ал эми 3 миңден ашык кыргызстандык анын камактан бошотулушун талап кылып чыгышкан.

Аргумент.kg