Мурасты толук алыш үчүн күйөөсүнүн жакындарына киллер жалдаган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш
Мураска ээ болуу үчүн 35-жаштагы аял күйөөсүнүн жакындарын өлтүрүүгө киллер издеген. Бул тууралуу ntv.ru жарыялады.

Маалыматта, Кубандык 35-жаштагы аял ири сумманы айтып киллер керек болуп жатканын жарыялаган. Көп өтпөй бул жарнак милиция кызматкерлеринин көзүнө чалдыгып калган. Тез эле аял колго түшүп сурак учурунда өтө оор абалда ооруп жаткан күйөөсүнүн атасы менен байке жеңесин өлтүрүгө киллер издегенин айткан. Ошондой эле күйөөсү жакын арада каза боло турганын анын мүлкүн жакындары менен бөлүшүүнү каалабаганын айткан. Мураска ээлик кылуунун бир жолу анын жакындарынын көзүн тазалоо экенин танган эмес. Аял өзүн киллер деп тааныштырган милиция кызматкерине оорулуу күйөөсү менен үч жашар абысынын уулунан башкасынын баарын өлтүрүшүн талап кылган. Ошондой эле аларды 2 миллион 30 миң рубл акчага бааларын айткан.

 

Аргумент.kg