Муралиев, Ибраимов, Узакбаев, Салымбеков Жалал-Абадда кантип тайраңдашты?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аз күн мурун Амангелди Муралиев, Осмонакун Ибраимов, Эмилбек Узакбаев, Аскар Салымбеков сыяктуу байбачалар кошоктошуп, Жалал-Абад шаарына барышып, арактан өкүртө ичишип, ырдашып, бакылдашып, аягында ылжыган таризде тарашыптыр. Мас болушуп. Пайгамбар жашына барып калган кыргыздын элитасы катары сыпатталган аксакалдар өздөрүн сыпаа кармашып жүрүшсө не? Тилекке каршы, тескери кетишип, жеңил сөздүн курмандыгы сыңарындай ооздору бош экени айгинеленип, көп сөздөр этикадан сырткары чыгып кетиптир. “Каймактар” тетири кетишип, теңселип турушса, шарактап атышса кимдерден үлгү аласыңар?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg