Мугалимди бычактап өлтүргөнүн инстаграм баракчасына жүктөгөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мугалимди бычактап өлтүрүп окуяны сурөткө тартып инстаграмм баракчасына жүктөгөндөн кийин өзүн өлтүргөн. Бул тууралуу  Газета.ру жазып чыкты.

Маалыматта, Москва шаарынын  политехникалык колледжинде кандуу окуя болгон. Анда коллеждин аудиторияларынын биринде канга чыланган эки адамдын өлугу табылган.

Окуя эртең менен Гвардейская көчөсүндө жайгашкан Батыш кошумча билим берүү комплексинин кеңселеринин биринде болгон. Маалым болгондой, тыныгуу учурунда 3-курстун студенти Андрей Емельянников 44 жаштагы ОБЖ мугалими Сергей Даниловду бычак менен сайып салган. Андан соң жигит өз жанын кыйган. Өлүктү кокусунан кабинетке кирген мугалим көрүп полицияга билдирген. Окуя болгон жерде кызматкер партанын үстүндө жаткан канга боелгон электр арааны жана бычакты көргөнүн айтат. Ал эми студенттин сөөгу болсо аудиториянын аркы парлатарынын алдынан табылган. Аны алгач куурчак деп ойлошкон.

«Адегенде биз аны кулаган манекен деп ойлоп, көңүл бурган жокпуз, бирок кийин жакындап келип, бардыгын көрдүк», — дейт мугалим сурак учурунда.

Окуяга күбө болгондордун көбү залдагылардын кыйкырыктарын укпаганын жана ал жерден эч ким чыгып жатканын көрбөгөнүн айтышат. Ал эми каза болгон студенттин инстаграм баракчасында окуя болуп жаткндагы кандуу сүрөттөр жарыяланып, көпчүлүктүн жүрөгүнун суусун алган.

18 жаштагы студенттин профилине караганда, ал компьютер оюндарынан ок аткычтарды жакшы көргөн жана оор музыканы укканы белгилүү болгон. Жаш жигиттин видеотасмаларында зомбулук жана адам өлтүрүү менен тыгыз байланышкан Battlefield жана GTA оюндарынын көптөгөн геймплейлери табылган.  Киши өлтүрүүнүн ыктымал демилгечисинин музыкалык чыгармаларынын арасында америкалык «Novembers Doom» металл тобунун композициялары бар. Кээ бир ырлардын аталыштары «Күүгүмдүн күнөөсүз», «Көмүлгөн» жана «Өлүк жалбырак жаңырыгы».

Ал эми маркум Емельянниковдун апасы уулу убактысынын көбүн компьютерде өткөргөнүн ырастап, ал оюнга көз каранды болуп калганын айткан. Уулунун мындай кадамын атасы экөө ажырашып кеткенинен кийин стресстен улам болду деп билдирген. Мугалимдер жамааты 3-курстун студенти токтоо, чыр-чатаксыз бала экенин, жакшы окуганын жана көбүнчө класстын аягында отурарын бир добуштан белгилешти. «Андрей башкалардын фонунда өзгөчөлөнүп турган жалгыз нерсе — ал интеллектуалдык жактан өнүккөн, ал дайыма башкалардан бир аз алдыда болчу. Ырас, мен сабактарды калтырчумун», — деди мугалимдердин бири.

Ал эми окуянын курмандыгы болгон мугалим — 44 жаштагы Сергей Данилов ОБЖ балдарга сабак берген. Үй-бүлөлүү эки баласы бар.  Колледжге барганга чейин ал адам Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

Данилов Емельянниковдун класс жетекчиси болгон. Окуя болгонго чейин окуучу эки жума сабакка келбей койгон. 1-ноябрда сабакка келбеген окуучуну колледжде көргөн мугалим сабакка келбей койгону үчүн окуудан чыгарабыз деп коркуткан.

Тергөө комитети Москвадагы политехникалык колледждин мугалими менен студентинин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду.

 

Аргумент.kg