Мугалимдердин айлыгы автоматтык түрдө эсептелине баштайт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эми мугалимдердин айлык акысы автоматтык турдө эсептеле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматта, «Педагогдордун эмгек акысын автоматтык түрдө эсептөө» системасы ишке кирген. Бул  жаңы система эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, эсептөө процессин бир топ жеңилдетет. Ошондой эле маянага каралган каражаттын максаттуу жумшалышын камсыздап, финансылык тартип бузуунун төмөндөшүнө шарт түзөт.
Негизсиз маяна алган учурларды ачыкка чыгарып, бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Мындан ары текшерүү органдары айткан кемчиликтер жоюлуп, ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы ала турганы айтылды.

Аргумент.kg