Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин 7-классынын мугалим тарабынан сабалган окуучусу окуя тууралуу айтып берди. Ал учурда ооруканада жатат.
«Кызына болушуп мени урду. Эжеке кызыңыз мени сөгүп жатат десем, «Сволочь» деп кыйкырды, үй-бүлөмө да асылды. Оозуңузга карап сүйлөңүз десем, келип уруп салды. Башыма көп жолу урду. Сабак бүтөөрдө завучка алып кирди»,-деди сабалган окуучу кыз.