Мугалим аял 14-жаштагы окуучусу менен жыныстык катнашта болуп келген
23-аяк оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСүрөттөн сабак берген мугалим 14 жашар мектеп окуучусу менен жыныстык катнашка барганы үчүн соттолду. Бул тууралуу The Daily Voice басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта, 44-жаштагы Кристин Кнудсен мектепте сүрөттөн сабак берип келген. Ал өзүнүн 14-жаштагы окуучусу менен мектептин ичинде жыныстык катнашта болуп келген. Бул окуя кокусунан мектептеги видеобайкоолорго түшүп калып жашыруун нерсе ачыкталып калган. Көп өтпөй жашы жете элек баланын ден соолугуна зыян келтирди жана кыйноо менен жыныстык катнашка барды деген беренелердин негизинде мугалим темир тордун артына түштү.