Мотуевдин сабалышы: “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонунда сыр бар

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Үч адам Нурлан Мотуевди аёосуз сабап, качып кетишкенден кийин милиция издебей, маалкатып жатып алганын кабарлашкан. Көмүскөдөн ошондой буйрук алышканбы? Качан гана Нурдин Мотуев соцтармакка жазып, чуу көтөргөндөн кийин башка журналист, блогерлер да үн кошо башташат. Коомчулукта талкуу жаралып кеткенден соң, кылмышка кириптер адам милицияга өзү келгени айтылды. “Жең ичинен” сырдуу сүйлөшүүлөр болгонбу? Дагы бир таңгалычтуу жагдай, Нурлан Мотуевге катуу кол салуу болуп, баш мээси чайкалып, бет сөөгү, муруну сынып атса, “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуптур. Орусча айтканда, “Покушение на убийство” деген статья бар. Бул жагынан эмнеге буйтап кетишкен? Кыскасы, кыңыр иштер ачыкталбай, “жабылуу аяк жабылуу” бойдон калып калганы эмнеси? “Кызылдар” менен “каралар” аралашып кеткени ушулбу? Түшүнүксүз.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg