Москвалык таксист айкөлдүгүнөн блогерден унаа белекке алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Орусиялык блогерлер Хусейн Гасанов менен Арутюн Назарян кыргызстандык таксистке унаа белек кылышты. Алар видеону Instagram баракчасына жайгаштырышкан.

Социалдык экспериментте блоггерлер такси айдоочулары жардам көрсөтүп, аларды белгилүү бир жерге бекер алып бара алар-албасын текшеришкен. «Бизди бекер алып кетүүгө макул болгон адам жаңы унаа алат», — деп билдирген эле сыноонун башталышында  блогер Хусейн Хасанов.

Бир нече таксист бекер жеткирип коюдан баш тарткан. Акырында кыргызстандык таксист блогерлердин өтүнүчүн аткарууга макул экенин айткан.

Блогер унаанын ичинде таксисти сгтарканда ал Кыргызстандан экенин, машиненин ижара алып иштетип келгенин , ошондой эле Москвада көптөн бери иштеп, 40 миң рублга жакын акча тапканын айткан. Кыргыз жаранынын айтымында, анын үй-бүлөсү, эки баласы бар, кызынын бир кулагы тубаса укпай турганын ал операцияга муктаж экенин да жашырган эмес.  Блогерлер автосалонго келип, ага Kia Rio үлгүсүндөгү унааны белек кылышкан.

 

Аргумент.kg