Москвага күйөөмө баргым келет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы.  Мүмкүн болсо чыгарып бересизби, мага кеңеш керек болуп жатат. Менин жолдошум Москвада иштейт, Кудайга Шүгүр жакшы жумушу бар, үч балам менен мен бул жактамын. Жолдошумдун жанына эле барып жашагым келет, балдарымды да алып кетсемби дейм. Үй бүлө эки жакта бөлүнүп жашаганы туура эмес го дейм. Сиздерден сурайын дегеним балдарга эмне документтерди даярдаш керек, мектепке кантип балдарды киргизсем болот? Эки балам 3- анан 4- класс, кызым садикке барат. Садике алабы? Ким балдары менен ошол жакта, жашоо кандай? Самолётко түшүү үчүн эмне документтер керек? Пцр баарыбыз тапшырабызбы? Интернеттен деле карап чыктым бирок мага проверенная информация керек дегендей, кайненемди да ала кетем. Өзүм Москвага көп эле жолу барып иштегем, жумуш таба алам дейм, бирок бир курсту окуп алып анан кетсемби, кандай жумуштар Москвада актуалдуу, кайсы курстарды окусам? Москвадагы айымдар жаза кетсениздер. Мен кичине коркуп турам бирок кетким эле келет, бул жакта эч нерсе деле кармабайт бизди. Билимди да жакшыраак берет деп уктум ал жакта . Кетип калсам, кыйналбаймынбы? Баргандан кийин эмне документтерди жазаш керек?

Аргумент.kg