Москвага кетсем күйөөм башка аял алыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы сураныч менин катымды чыгарып бериңизчи. Атым аноним болсун.Сөздү эмнеден башташымды дагы билбей турам башымды кармап улуу эжелердин кеңештери керек болуп жатат.Анда сөздү баштайын. Турмушка чыгып бактылуу күндөрдү өткөрүп жүрдүм 2 кыздуу болдук жашоодо сыноо биринин артынан бири келип мени жүдөтүп атты бирок жолдошумду ушунчалык катуу сүйөөрүм үчүн баарына чыдап аттым. Жолдошум жашынан көчөлөп бандит болуп чоноюптур куратканды куратып сындырганды сындырып. Ал адатты калбады чогу 8 жыл жашадык нечен деген кылгылыкты кылды. Камалат деген күндө да туугандарымды ортого салып акча сурап чыгарып аттым 3/4 кайталанды хулигандыгы. Кыздарым атасыз калбасын деген сайын ашып оңолбой атты ыйлап ыйлап күнүм өтүп атты. Бир күн жок жерден бирөөнүн машинасын уурдап качып кетип атып буту сынып сүзгөн адамдар жабыргап чыгашаны менин бир туугандарым жардам болсун деп төлөп беришти. Ооруканада өзүм 43 күн карадым. Кыйналбай жакшы карап жакшы болуп кетти мындайлар көп эле болуп атты. Россияга барып иштейли десек чёрный списокто Кыргызстанда иштегеним тамак аштан ашбай кыйналып кеттик. Квартира да турат элек анан келишим менен Россияга барып иштеп келейин үй жай кылайлы оңол деп өзү узаткан. Мен келгем иштеп күнү- түнү выходной акча салып атым чай чакасына тымбай эле жардам кылып атым мен ден бөлөк ким жардам кылмак эле деп. Эми болсо Кыргызстанга белет алып кетип атсам үйлөнүп алыптыр. Аялы дагы чалып көрүнгөн нерсени жазып жинге тийип атат баарып сотко берейинби? Айтыныздарчы? Кыздарыма жардам бербейт. 1 жыл болуп калды кетем жакында…

Аргумент.kg