Москвага кеткен күйөөм бөлөм менен жашап алыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул турмушта жеңил ойлуулуктун айынан өзүнүн үй-бүлөсүн таштап башкага кетип калгандар тууралуу окуялар көп эле кездешип жүрбөйбү. Дегеним, биздин бүгүнкү каарманыбыз дагы өзүнүн күйөөсүнөн тирүүлөй ажыраганын төгүлүп-чачылып төмөндөгүдөй баяндап берди.

– Өзүмдүн бир тууган бөлөмдөн мындай жамандыкты күткөн эмес элем. Эми анын кесепетинен күйөөмдөн тирүүлөй ажырап отурам. “Кунаажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзбөйт” деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Анткени, ал бөлөмдүн күйөөмө суктанып жүргөнүн кээде байкап калчу элем. А бирок анын акыры жүрүп күйөөмдү менден биротоло тартып аларын кайдан билиптирмин. Аттиң… Эгер билгенимде үй-бүлөмдү сактап калганга колумдан келишинче аракет кылмакмын. Учурунда ала качуунун курмандыгы болгон Мунара күйөөсү менен бир ай жашагандан кийин эле ажырашып баса берген. Анан шаарга келип биз менен чогуу убактылуу жашап жүргөн болчу. Бир күнү экөөбүз сырдашып сүйлөшүп отурсак ачык эле айтып:

– Эже, сизден эмнесин жашырайын. Эгер менин күйөөм дагы жездемдей адам болгондо, анда өзүмдү дүйнөдөгү бактылуу айымдардын катарына кошор элем, – деди күлүмсүрөп.

Башынан эле күйөөмдү башкалардан кызганбагандыктан:

– Буюрса, сен дагы бактылуу болосуң. Ал үчүн кандай эркектер аялды бактылуу кылары тууралуу жездеңден кеңеш сурашың керек,-деп тамашалап койгон элем.

Бул сөзүм ага аябай жакса керек. Мунара ошол күндөн баштап күйөөм менен көбүрөөк сүйлөшө баштады. Күйөөм болсо анын ар кандай суроолоруна жооп бергенден эч тажачу эмес. Бирок менден бир аз тартынып турчу. Ошон үчүн экөөнүн ортосундагы мамилеге анча маани берчү эмесмин. Көрсө, карышкырга кой кайтартып жүрүптүрмүн да…

Мунара бир жолу айылга кеткен боюнча кайра кайрылып келбеди. Арадан эки жума өткөндөн кийин таежем менен байланышып сурасам Россияга кеткенин айтты. Күйөөм болсо дегеле билмексен болуп ал тууралуу менден эч сурабады. Анан кантип андан шек санамак элем? А биздин турмушубуз өз нугунда өтүп жатты. Качан гана күйөөм көр тириликтин айынан досторуна кошулуп Казакстанга иш издеп кеткенде бөлөм мени менен байланышты. Үйдөгүлөрдүн баарынан кабар алып бир гана күйөөм тууралуу кеп кылбаганына таң калып:

– Жездеңди деле сурап койбойсуңбу? Эмне ага таарынычың барбы?-десем үшкүрүнүп:

– Ал кишиге эмнеге таарынмак элем… Анын берген кеңеши тескери таасирин тийгизкендиктен Кудайдан жөө качкан кайдагы бирөө менен тааныша коюп, эми ошонун азабын тартып жатам, – деп ыйлап жиберсе болобу.

Ыйлаганын укканда өзүмдү жаман сезип ага эмне деп айтарымды билбей калдым. Ошону менен телефондогу байланыш үзүлдү… “Казакстанга кеттим” деген күйөөм эки ай катары менен акча салгандан кийин эмнегедир дайыны жок болду. Анын себебин кашайып кеч билип жатпаймынбы. Казакстанга кетпей эле бөлөм менен тымызын сүйлөшүп алып бул жактан керектүү документтерди даярдагандан кийин Россияга кеткен экен. Кеткени курусун…

Экөө жашап алышыптыр. Алгач “күйөөм кантип эле мени таштап кетсин” деп өзүмдү жооткотуп жүрдүм. Акыры өзү мени менен байланышып:

– Гүлбарчын, мени кечирип кой. Ишенсең, мен Мунарасыз жашай ала турган эмесмин. Андыктан сен дагы өз бактыңды тап. Балдарга болсо акча жагынан өзүм каралашып турам, – деди үнү каргылданып.

– Сенин акыл-эсиң жайындабы? Мени үч балам менен ким алмак эле?!.

Сөзүмдүн аягына чыкпастан телефонумдун трубкасын басып буркурап ыйлап жибердим…

Күйөөмсүз жашаганыма үч жыл болсо да ал айтмакчы бактымды башкадан издебедим. Ал болсо сөзүнө туруп балдарына колунан келишинче жардам берип жатат. А бирок… Элдин ар кандай ушак кебинен, күнөөсүз болсом да мени жөнү жок күнөөлөшкөн кайын-журтумдун басынткан сөздөрүнөн аябай чүнчүп кеттим. Меникиндей азапты душманыма да каалабас элем. Кээде баарын жыйыштырып өзүмдүн жанымды кыйып салгым келет. Анан балдарым үчүн жашагым келгендиктен кайра ал жаман оюман кайтам. “Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт” деп туура эле айтылыптыр. Бир туугандарым болсо мага жардам бермек түгүл өз бүлөсүн араң багып жатышат. Азыр өз арабамды өзүм кылдыратып жаткан кезим… Жакшылыктан үмүт үзбөй турайынчы. Кантсе да балдарымдын атасы эмеспи. Күйөөм жаңылганын мойнуна алып өз үй-бүлөсүнө кайра кайтып келгиси бардыр…

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg