Москвада жана областында кыргыз мигранттары алдамчылардын насыясын төлөп жатышабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өлкөнүн ММКларында РФдагы кыргыз мигранттарынын бир далайы алдамчылардан жапа чегип баштаганы тууралуу маалыматтар кетүүдө. Эмне болуп жапа чегип жатышат? Москва шаарында жана областында миңдеген кыргыз мигранттары эмгектенет. Алар тапкан акчасын «Золотая корона» төлөө системасы аркылуу мекенине жөнөтүшөт. Жакында алардын бир далайына алдамчылыктын курмандыгы болгондугу белгилүү болду. Көрсө, айрым бир шылуун алдамчылар алардын бул системадагы жеке маалыматтарын билип алышып, алардын атынан миңдеген акча кредит  насыя алып алышкан. Натыйжада  көптөгөн  мигрант мекендештерибиз башка бирөө үчүн  алыста эмгектенип тапкан акчаларын төлөп жатышат. Диаспора жетекчилиги полицияга да сотко да кайрылышты. Учурда  тергөө иштери жүрүп жатат. Сотто алдамчылык фактысы далилденсе кредит  төлөө токтотулат. Эгерде далилденбей калса эмне болот? Ансыз деле ал кредиттердин проценти күн санап өсүп жатат.

Бул татаал маселеге КРнын Россиядагы элчилиги да, толук кандуу киришиши зарыл. Ошондо гана баардык алданган мигранттарыбыздын татаал маселеси оң жагына  чечилиши ыктымал.

Аргумент.кж 

Аргумент.kg