Москвада кармалып, Бишкекке алынып келген Илгиз Шаменов элге кайрылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Москвада кармалып, Кыргызстанга алынып келген активист Илгиз Шаменов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Шаменов, ал саясий негизде ачылган иш боюнча кармалганын, Бишкек шаардык милициясына суракка алынып келгенин билдирди.

«Урматтуу мекендештерим, мени Москва шаарынан Кыргызстанга алып келишти. Азыркы учурда Бишкек шаардык милициясында саясий даярдалган иш боюнча сурактамын. Бизге «массалык башаламандыктарга даярдык көрүү» деп асмандан алып, жалаа жаап кайдагы беренени коюп жатышат. Урматтуу элим мени камап коюшат, бирок мен сиздер менен! Кыргыз элинде 31 жылдык тарыхыбызда мындай пастык, акылсыздык, адилетсиздик болгон эмес! Мейли, мени камагыла, башканы камагыла, бирок чындыкты эч убакта камай да, жогото да албайсынар», — деп жазды ал.

Шаменовдун айтымында, 29-октябрда саат 11:00до Биринчи май сотунда анын баш коргоо чарасы каралат.

Аргумент.kg