Москвада бирөө менен сүйлөшүп жүрүп боюмда болуп калды. Эми эмне кылам, үйдөгүлөргө кантип айтам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Саламатсызбы менинда башыман өтүп жаткан окуяны айтып өтөйүн дедим эле. Мага туура жол көрсөтүп кетиниздерчи алдын ала жаман сөз айтпай эле койгулачы. Болоор иш болду мен турмуштан ажыраганмын бир уулум бар. Москвага келгениме 2 жыл болуп калды эч ким менен мамиле курбай жүрдүм иш үй иш деп тезирээк иштеп үй алыш керек деп. 1 ай алдын бир Бишкектик бала менен таанышып жолугуп жүрдүк. Кантип алданып калдым өзүмда билбейм эми минтип боюмда бар экененин бүгүн билдим ал баланын аялы өтүп кеткен экен. Баласы бар эле, бас кетик Кыргызстанга жашайлы деп түзүк эле айтты мен жок мен иштеп үй алмайынча кетпейм деп кетпей калдым. Ал Кыргызстанга кеткен, ал кеткенден кийин билип атпаймынбы боюмда бар экенин эми кантем? Ал КРга барып эле мени чёрныйга тыгып салды. Фейсбукка кирет анан тести тартып жөнөтүп ирдим бир да жооп бербеди. Эч боюмдан түшүргүм келбей атат төрөп алсам дейм. Бирок бир тугандарым атам эмне дейт? Апамда өтүп кеткен өзүм 30 жаштамын ал бала жок азыр КРда. Эмне кылсам мага кеңеш  бериниздерчи суранам

Аргумент.kg