Москва шаарындагы массалык мушташка катышкан кыргыз жаран кармалды
12-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваМосква шаарында массалык мушташка катышкан 20 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жергиликтүү басылмаларга билдирди.
Маалыматта, ушул жылдын 9-январында Москва шаарынын Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда болгон массалык мушташ чыгып арасында жаракат алгандар бар экени айтылган. Ошондой эле окуя болгон жерден 2002-жылы туулган кыргыз жараны кармалып, эки жаран административдик жоопкерчиликке тартылган.