
Мөнөтүнөн мурда болгон шайлоого карата Ленин районунда текшерүү жүрүүдө
24-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында Ленин районунда шайлоого карата даярдык текшерилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, райондун шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык камсыздалышы, коомдук тартипти жана автоматташтырылган башкаруу системасынын сакталышы, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар менен камсыздалышы текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаардык жана райондук кызматтарга УШКларда материалдык-техникалык камсыздоо процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссияларын пандустар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле шайлоого аралашпоосу тууралуу кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.
Булак:Аргумент кж