Момбеков: Түгөлбай Казаковдун УТРКдан кетирилиши, ашырып айтканда пастык, жашырып айтканда кастык

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков УТРКда эмгектенип келген Түгөлбай Казаковдун ардактуу эс алууга кетиши тууралуу пикирин билдирди.

«Кыргыз Эл артисти, коомдук жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаковдун УТРКдан кетирилиши, ашырып айтканда пастык, жашырып айтканда кастык. Ушул адам УТРКга кандай оорчулук жаратканын билбейт экем. Бирок анын теледен кетиши, көпчүлүк көрөрмандарга оорчулук жаратарын жакшы билем. Асыресе, ал жакта азыр Түкөңдөй түгөл билген алып баруучу жок болсо керек эле. Каада-салттын каймагын калпыган, ырым-жырымдын ырын билген, үрп-адаттын сырын билген мындай адамдар азыркыдай алпуурушкан кырдаалда абадай эле керек го…

Аны кетириштин эмне кажети бар эле.. Кеп Түкөмдүн жашында эмес, кеп Түкөмдүн башында го, маселе анын курагында эмес, маселе анын айта турган убагында го…

Орусиянын «Россия» каналында Михалковдун орду канча болсо, Түкөңдүн орду УТРКда ошончо болот го дейм. Түгөлбай Казаков бул, — кыргыз салтын алып баруучу адам эмес, кылым карыткан кыргыз салтын алып калуучу адам. » Улутмандын» негиздөөчүсү эмес, улуттук маданияттын тегиздөөчүсү. Маданият министрлиги унчукпаса да, мындай да мамлекеттик катчыбыз калыс сөзүн айтса болмок, кантсе да сөз баккан адам эмеспи..Күтө туралычы…», — деп жазган Момбеков.

Аргумент.kg