Момбеков: «Сооронбай Жээнбеков бир тууганымды түрмөгө отургузду»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Сооронбай Жээнбеков менен аябай сырдаш дос болчубуз. Ал мага өзү айтып калчу, Өкмөт башчы болуп турган кезде, «ал мага башкалар сындаганча сен сындап, кыйкырып тур» деп айкан. Мен аны шак эле кулагыма илип алып, аны чучугуна жеткизе сындачумун.
Бирок, кийин президент болуп турганда ошол учурдагы Өкмөттү сындасам, ал Мухаммедкалый Абылгазиевге болушуп, ага жан тартып калды. Ошондон кийин экөөбүздүн мамилебиз салкындай баштады. Жээнбеков менен акыркы жолу 50 жашка толгондо жолуктум. Ал туулган күнүм менен куттуктап, жакшы сый көрсөттү.
Ошол учурдан тарта мага Сооронбай Жээнбековдун эшиги тарс жабылды. Буга бир гана себеп болду. Менин Атамбаевдин тарабына өтүп кеткеним болду. Буга байланыштуу мага саясий куугунтук башталды. Ар кандай ыплас жолдор менен мени буттан чала баштады.
Жээнбеков менин оозумду жабыш үчүн, бир тууганымды түрмөгө отургузду. Буга кошо бир топ каралоолор экс-президент тарабынан болуп жатты» , — деп билдирди Момбеков

Аргумент.kg