Молдованын укук коргоо органдары Эл аралык кылмыш сотунун чечимине ылайык, Россиянын президенти Владимир Путин өлкөгө барса камакка алынарын Молдованын президенти Майя Санду Euronews Румынияга берген маегинде билдирди .
«Молдавия Республикасы кылмыш соту боюнча келишимге кол койду жана Молдова соттун чечимин сыйлайт», — деди ал.
Буга чейин Молдованын премьер-министри Дорин Речеан Молдова бийлиги орус лидерин өлкөгө киргизбей турганын билдирген. Премьер-министрдин айтымында, Молдовада республикага кире албай турган орус чиновниктеринин «бир аз узун» тизмеси бар, бирок ал жарыяланган эмес. Булак:Аргумент кж