Молдомуса Конгантиевдин жубайы каза болду

Молдомуса Конгантиевдин жубайы каза болду

21-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева 61 жашында каза болду.Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди
«ИИИ «ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер министрлигинин өздүк курамы 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп иштеген, милициянын генерал- лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин өмүрлүк жары Базаркуль Нурбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат»,- деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.