Молдокматов СИЗОдо отуруп «Лампочкабыз жанбады» деген ыр жазды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун абакта отуруп жазган ыры жарыяланды. Лампочкабыз жанбады! Тагдырдын тамашасы ушул экен, Тарыхка кайтып келчү учур экен. Топ бузуп чындык үчүн күрөшөм деп, Токтогулдай тордо отурчу күнүм экен. “Оңдойм”- деди көчмөн элдин турмушун, “Оңбойм”- деди аткарбасам үмүтүн. Бата берип, ак кийизге көтөрүп, Алдандыбы кайран гана кыргызым! Алгач сөзүн Жетим-Тоодон баштады, Бээжинге берип сала жаздады. Каршы турсак кыр көргөзүп бийлиги, Каралады, кас-душмандай камады. Кийин туруп Конституция жакпады, Алмаштырып ХАНституцияга такады. Кошоматчы, жанжөөкөрлөр кол чаап, Хан Ордодо бүлүк салып баштады. Кара илдет, коронавирус каптады, Дүйнө эли уят ишти каттады. Ак үйүндө “уу коргошун” кайнатып, Улуу элди уулап сала жаздады. Казынага тыйын жетпей кысталып, Казинодон толтурам деп баштады. Аалымдардан ачуу сөз уккан соң, Ал ишти да ара жолго таштады. Светке да баа төмөндөтөм деди эле, Ишенгенин жашырган жок эл деле. Кайран кыргыз алданганын сездиби, Аргасыздан митинг кылды жерлерде. Өлкөбүздө коррупцияны жоём деп, Элге жаккан жакшы кадам таштады. Аттиң бирок акча алып баарынан, Соодалашып, сооротуп соттон актады Чек араны чечтик деди жүз пайыз, Согуш ачып тебеленди ар-намыс. Ойрондолду ондогон айылдар, Окко учту отуз алты уул-кыз. А бир кезде чоң талаада эл топтоп, Ак боз минип бата алганы эсимде, Ак элечек энелерим ээлигип, “Лампочкам”-деп алкаган кезинде. Элим кантет? Ишенимдер калбады!… Үмүт өчүп, “Лампочкабыз” жанбады!… 02.07.2021-ж. СИЗО-1 Абактагы 57-күн Жеңиш Молдокматов 1616 Комментарии: 29 Поделились: 20 Нравится Комментировать Поделиться

Аргумент.kg