«Молдо күйөөм 18 жаштагы кызды ээрчип кетти…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзүм 35 жаштамын. Эки балам бар. Анан жакында эле күйөөмдүн ойношу бар экенин билип калдым. Ал 18 жаштагы кыз экен. Күйөөм өзү молдо. Беш маал намаз окуйт. Жакшы адам. Анан ал кыз жөнүндө билип, күйөөмө айтсам, «ооба, бар, эмне болуптур? Шариятта бир-эки аял алса болот» деди. Бир күнү үйгө келсем күйөөмдүн кийимдери жок. Телефон чалсам, «мен кеттим, ошол кызды сүйөм, сага бир жумада бир жолу келип турам» деп айтты. Айлам кетип жатат. Билбейм эмне кыларымды. Кетейин дейм, каякка барам? Жакын адамдарым, ата-энем жок. Макул болуп, тынч эле жашай берейинби? Кеңеш бериңиздерчи?

 

Аргумент.kg