«Мойнуна чынжыр салып, иттей сүйрөп алып кетиптир». 65 жаштагы аксакал тажик жарандары тарабынан сабалды

«Мойнуна чынжыр салып, иттей сүйрөп алып кетиптир». 65 жаштагы аксакал тажик жарандары тарабынан сабалды

03-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Баткен районунун Көк-Таш айылынын 65 жаштагы тургуну Жоробай Айдаров 1-декабрда аны тажик жарандары кармап кетип «ур-токмокко алганын» билдирди. Облустук милиция окуя боюнча териштирүүнү баштады.

Айдаров окуя кандай болгонун жергиликтүү журналист Арзыгүл Галымбетовага айтып берди. Жабырлануучу түшүндүргөндөй, ал 1 баш бодо малы жоголуп аны издеп чыкканда адашып Тажикстандын Майский айылына кирип кеткен.

Шилтемени басып видеону көрүңүз

https://www.facebook.com/100005465688884/videos/1775306435989070/

Анын айтымында, аны алгач курулушта иштеп жаткан 7-8 тажик жараны көрүп калып дароо кармап, ур-токмокко алышкан. Андан соң «колу-бутун чынжыр жана жип менен байлап» алып кетишкен.

Анын айтымында, аны алгач курулушта иштеп жаткан 7-8 тажик жараны көрүп калып дароо кармап, ур-токмокко алышкан. Андан соң «колу-бутун чынжыр жана жип менен байлап» алып кетишкен.

Ал кармагандардын арасынан «Мурад деген тажик кошунамдын баласын гана тааныдым» дейт. Кийинчерээк көзүн ачса мектептин жер төлөөсүндө жатканын көргөн. Андан кийин тажик милиционерлер келип калганын айтат.

«Алар “сиз картаң экенсиз, тополоң болуп кетпесин, өлүм болбосун, сизди үйүңүзгө алып барып коёбуз” дешти. Жиптерди чечип, “беттериңди жуу” деп чачыктарды алып келип жуудурду. Баштарымдан бери көө экен. Кийин борбордук көчөгө таштап кетишти, ал жактан балдар күтүп алып тез жардам чакырышты», — деди ал.

Ал эми Айдаровдун жубайы күйөөсүнүн бул абалга түшкөнүн «кордук» деп атап, бийликтен көйгөйлүү тилкенин маселесин чечип берүүнү талап кылды.

«Мойнуна чынжыр салып, иттей сүйрөп алып кетиптир. Бул кандай кордук?! Түшүнбөйм бул бийликтегилер эмне иш кылып жатат?! Ошол жерди чечип бериш керек эми. Мазарга кеткен бир көчө бар, ошону биздин жол деп киришет. Бизге ошол жакты тосуп бериши керек. Биз өтө кыйын абалда турабыз», — деп нааразы болду ал.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Кудайберди Жаникулов «Турмуш» басылмасына Айдаров ооруканага 1-декабрь саат 17:30 чамасында жеткирилгенин билдирди.

Ал бейтаптын мээси чайкалганын, жумшак ткандары жаракат алганын, учурда абалы «дурус» экенин айтты. Ошондой эле ал экинчи топтогу майып болгондуктан тиешелүү адистердин кароосунан өткөрүлгөнүн кошумчалады.