Мэрияда иштеген жаш кыз 9 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаардык мэриясынын 26 жаштагы кызматкери оңдолуп жаткан жолдон  соода түйүндүн ордун сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9 миң доллар  пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаш кызматкер кафенин ээсинен Түгөлбай Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүү киргизип, жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу үчүн 9000 доллар өлчөмүндө пара алгандыгы аныкталган.  Ал талап кылынган каражаттын жарымын кайтарып жаткан жеринен кармалган.

Белгилей кетсек, УКМКнын расмий билдирүүсүндө опузалап акча талап кылган адам эркек адам катары көрсөтүлгөн. Кылмышка шектүү кыз Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын эсепчиси болуп иштеген. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске сала кетсек, Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен бир нече ички жолдорду реконструкциялап жатат.

 

Аргумент.kg