Мэр Эмилбек Абдыкадыров: «Бишкектен шаардын таза жүзүн көрүшүбүз керек»
02-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын мэри болуп шайланган мэр Эмилбек Абдыкадыров малымат жыйынында кызматка дайындалышы күтүүсүз болгонун айтуу менен Бишкек шаарынын көрүнүшу айылды элестетпей шаардагыдай болушуна кам көрө турганын баса белгиледи. Ал белгилегендей, буга чейин муниципалитетте иштеп, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгонун шаардын көйгөйлөрү менен жакындан тааныштыгы бар экенин да жашырган жок.
«Мен Бишкектин айыл эмес, шаардай болушун каалайм. Мэр деген жооптуу кызмат экенин жакшы түшүнөм. Бул бийлик эмес, жоопкерчилик. Бул жердеш, тууган, классташ эмес, кесипкөйлөр иштеши керек деген позициям. Ошондо гана өнүгүү болот», — деди ал.