Мээрим: «63 жаштагы молдого бала төрөп, батирлүү болгум келет»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

(Эссе ордуна) Мен 32 жаштамын. Биринчи жолдошуман үч кызым бар. Ал Россияга кетип, башка менен жашап алыптыр. Көп кыйналдым. Экинчи жолу турмуш курсам, кыздарымды батырбай койду. Аргасыздан ажыраштым. Жалгыз бой жүрө берүү оор экен… Үч айдан бери 63 жаштагы молдо арзуусун айтып, токол кылып алуу үчүн чуркап жүрөт. (Биринчи аялынан балдарын үйлөндүрүп-жайландырыптыр.) Колунда бар, бай киши экен. Мага квартира алып берүүгө даяр. Жума сайын келип-кетип турарын ишендирүүдө. «Бала төрөп бересиңби?» деп жалынат. Жашы гана улуу болбосо, анын кылган мамилеси кубандырат. Буга чейин көп ойлонуп, акыры макулдугумду бердим. Жакында досторун чакырып, чакан той кылып алууга камынып жатат… Менин ден соолугум мыкты. Бирок кыздарым кичинекей болгону үчүн жумуш иштей албайм. Аларды караш керек. Эми молдого нике кыйдырсам, төрөп берет элем. Негизи үй-бүлөнү баккан эркекти сыйлайм. Мени туура түшүнүңүздөр. Тагдырым ушундай экен. Мандайга жазганды көрүүдөмүн. Балким үчүнчү жолу турмуш курушум менен бактым ачылып кеткиси бардыр…

Аргумент.kg