Мээрбек Мискенбаев: “Досун саткан Жээнбеков сизди да сатат”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин экс депутаты Мээрбек Мискенбаев Сооронбай  Жээнбековдун экс макамын алуу сунушун айтып президент Садыр Жапаровго Фейсбук баракчасынан кайрылуу кылды.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Элин, жерин саткан, өз элин аткан Сооронбай Жээнбеков Сиз алсыраганда биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдалана далыңызга бычак саят!

Бул ачык-айкын согушканды билбейт, дайыма «чөөлөргө» окшоп алсыз мезгилден пайдаланып сокку урат. Мен мындан күмөн санабайм, анткени ал 24 жылдык досун, партиялаш, санаалаштарын саткан, ал нерсеге көнүп, профессияга айлантып алган.

Иниси Асылбек азыр региондордо арам саясатын жүргүзүп, эл менен бийликтин ортосуна бүлүк салып жүргөнүн угуп, кооптонуп турам!

Жээнбековду токтоосуз «экс-президент» макамынан ажыратып, уюшкан үй-бүлөлүк кылмыштуу тобу менен кошо жоопко тартыш керек!

Эгер эл арасында кызуу талкууга түшкөн 10 миллион доллар алган деген кептер калп десеңиз, мына ушундай кадамга барыңыз. Жээнбековдордун кылмышын таба албай жатсаңыз, мен таап берем!”-жазган Мискенбаев.

FacebookTwitterEmailРесурс

Аргумент.kg