Мирлан Самыйкожо: “Өмүр боюу айлык маяна менен жашап келем”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүнкү сурамжылоонун каарманы Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо.

Канча айлык маяна аласыз жана үй бүлөңүздү каржылоого жетеби?

Өмүр бою айлык маяна менен жашап келем, жетет. Азыркы тапта айлыгым 30 миң сом. Ага кошумча жеке ишкерлик менен алектенем.

Балдарыңыз кайсы мектепте окуйт?

Балдарым мамлекеттик мектепте окушат, жылына 1400 сом төлөйм.

Кандай үлгүдөгү телефон колдоносуз?

Xiaomi Redmi үлгүсүндөгү смартфон колдоном, 12 миң сомго алгам.

Кандай үлгүдөгү унаа айдайсыз?

Toyota үлгүсүндөгү 2006 – жылкы унаа айдайм. Убагында 13 миң долларга алгам.

Кайсыл жактан тамактанасыз? Бир күндүк чыгымыңыз канча?

Айырмасы жок, каалаган жерден тамактана берем, көбүнчө үйдөн тамактанганга аракет кылам. Бир кундүк чыгымым 600 сом

Жайында кайда барып эс аласыз?

Быйылкы жайда өзүмдүн шайлоочуларым менен өткөзсөмбү деп пландап жатам.

Koom.press.kg

Аргумент.kg