Мирлан Самыйкожо мырза сын айтуудан конкреттүү сунушка өтсө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрү коомдун элегинен өтө баштады. Ким ооз жүзүндө жумуш аткарат, а кимдин сөзү менен иши айкалыша тургандыгы белгилүү болуп калды. Өзүн трибунадан пиар кылууну кесип кылып алгандардын катарын Мирлан Самыйкожо деген эл өкүлү толуктады. Албетте анын акындыгы, коомдук иштерде активдүүлүгү башка маселе. Бирок мыйзам чыгаруу органы андай куру сөздөр менен толук кандуу иштеп кете албайт да. Сунуш жок, жалаң гана сын менен өзүн көрсөтөм деген депутат элдин көзүнө чү дегенде эле чалдыкты.
Мирлан мырзанын азыркы иштеген орду бир кыйла жоопкерчиликтүү жана конкреттүү иш көрсөтүүчү мамлекеттик орган. Өкмөт менен президентке сын айтып коюу ар бир көчөдөгү жарандын колунан келет. А алардын ишине альтернативалуу ой пикир, сунуш берүү кудум ушул органдын иши. Аны жазган мыйзамы аркылуу бышыктайт. Калп эле оозунан ак көбүк чыккыча сын айта берүү менимче эч кимге аброй алып келбейт.

Керки Рай

Аргумент.kg